www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт

Өкмөт "Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашырган "Концерн радиостроения Вега" компаниясы өз ишин мөөнөтүнөн кечигип бүтүргөнү үчүн салынган 20,1 миллион сом айып пулду кечип салганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин биринчи этабын жүзөгө ашырууга тендер жарыялаган. Аны утуп чыккан "Концерн радиостроения Вега" компаниясы менен келишим түзүлгөн.

"Келишимде көрсөтүлгөн кызматтар өз убагында бүтпөсө, ар бир күн үчүн айып жазылары макулдашылган. Прокуратура текшергенде компания белгиленген мөөнөтүнөн 50 күнгө кечигип, ага 20 миллион 171 миң сом айып пул салынган. Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети ал каражатты негизсиз түрдө кечип салып, мамлекетке ири суммада зыян келтирген. Тараптар ортосунда иштин мөөнөтүн узартуу тууралуу кошумча келишим түзүлгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости