www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда элге жардам берүүгө 900 миллиард доллар бөлүнөт

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы менен Сенат дүйшөмбү күнү кечинде пандемия учурунда жабыр тарткан америкалыктарга жана фирмаларга 900 миллиард доллар жардам бөлүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, ар бир эрезеге жеткен америкалыкка жана ар бир балага 600 доллардан төлөнүп берилет. Жылына 75 миң доллардан көп тапкандар үчүн бул сумма алардын кирешесине жараша азайтылат. Жумушсуздук үчүн бериле турган жөлөк пул 300 долларга көбөйөт. 300 миллиарддан ашык доллар чакан ишкерлерге жардам берүү үчүн бөлүнөт. Бул акчанын бир бөлүгү ал фирмаларда убактылуу иштебей калган кызматкерлерге берилет. 50 миллиард доллардан ашык каражат COVID вакцинасын алууга жана калкты эмдөөгө жумшалат.

Бул мыйзам долбоорун талкуулоо жай мезгилинин аягында эле башталган.

Ушуну менен АКШ пандемияга байланыштуу калкына экинчи жолу каржылай колдоо көрсөтүп жатат.

Экономисттер 2 триллион доллардан ашык суммадагы биринчи жардам терең кризистен качууга жардам бергенин белгилешүүдө.

Конгресс тарабынан колдоо тапкан мыйзам долбооруна президент Дональд Трамп кол коюшу керек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости