www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү. Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз. Мындай өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев кайрылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Өкмөт бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте облустарда жана райондордо продуктулардын запасына жана бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Бүгүн расмий түрдө үч жараныбыздын инфекцияны жуктурганы аныкталгандан кийин биз ири ташуучулар жана ун жана ун азыктарынын негизги өндүрүүчүлөрү менен дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар кампаларда запас жетиштүү экендигин ырасташты», - деди Эркин Асрандиев.
Булак: NazarNews.kg