www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Коронавирустан улам азандын сөзү өзгөртүлдү

Коронавирустан улам дүйнө жүзү пандемияга кептелип, айласын таппай жаткан учуру. Андыктан дүйнө жүзүндө массалык иш-чаралар, жогорку окуу жайлар, мектептер аны менен бирге мечиттеги массалык намаз окууга да чектөө киргизилди.

Кувейтте тартылган бул видеодо азандагы “намазга шашылгыла” деген сүйлөмдүн ордуна, “үйүңөрдү намаз окугула” деген сөзгө алмаштырылып азан айтылып жатканы айтылды.

 

Эске сала кетсек, COVID-19 илдетин жуктургандардын саны бүгүн, 18-мартта дүйнө жүзү боюнча 200 003 кө жетти. Каза болгондордун саны 7 980 кишиге жетсе, сакайгандар 81 178 ди түздү.

Россияда 114 киши коронавируска кабылып, анын ону өлкө ичинде илдетти жуктурган. Илдет Россиянын 26 регионунда катталды.

Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Казакстанда вирус менен жабыркагандар 35 тен ашса, Өзбекстанда 13, Кыргызстанда 3 киши кабылгандыгы расмий түрдө маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости