www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эч кимдин жарандарды шантаж, кысым же коркутуу жолу менен кайсы бир партияга добуш бердиртүүгө укугу жок. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер Акрам Мадумаров билдирди.
Ал парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин чечүү жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча республикалык штабдын атынан жарандарды шайлоо укугун колдонууга чакырды.
"Пара берүү, шантаж, коркутуу, ынандыруу же кысым көрсөтүү жолу менен эч ким сизди белгилүү бир партияга же талапкерге добуш берүүгө мажбурлай албайт. Сиздин добушуңуздан келечегиңиз, балдарыңыздын, неберелериңиздин жана өлкөнүн келечеги көз каранды. Шайлоо участогуна келгенде ушуну эсиңизден чыгарбаңыз", — деген Мадумаров.
Ошондой эле вице-премьер шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат берип өткөн.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда, саат 8:00дө Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкерлерге добуш берүү башталды.
Булак: NazarNews