www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дональд Трамп көйгөйдөн арыла элек

Дарыгерлер АКШнын президенти Дональд Трамптын ден соолугуна "этият оптимизм" менен баа берип жатышат. Бул тууралуу аны дарылаган Шон Конли билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ал (Трамп) көйгөйдөн арыла элек, ошентсе да биздин топ этияттык менен баары жакшы болорун болжолдоп жатат", — деп айтылат дарыгерлердин билдирүүсүндө.

Трамптын эксперименталдык ремдесивир дарысынын экинчи дозасын ичип, кычкылтек менен каныгуусу жогорку делген 96-98 пайыз ченде экени маалым болду.

Ошондой эле президент ишемби күнү түштөн кийин жумушунда болгонун, кыйналбай эле кыймылдап жатканы кошумчаланган.

Ал эми Трамп ак халатчандардын жардамы менен өзүн жакшы сезип жатканын билдирген.

"Дарыгерлер, медайымдар, деги эле Уолтер Риддин медицалык борборунун кызматкерлери жана башка мекемелерден кошулган ак халатчандар укмуш экен! Алар чума менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишкен!" —деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, жума күнү АКШнын президенти тест тапшырып, андан коронавирус чыккан. Аны менен кошо аялы Мелания Трамп да ооруп калган.

Президенттин катышуусундагы шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар кийинкиге жылдырылып же онлайн-форматка өткөрүү чечими кабыл алынган. Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости