www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ: Саат 9:00гө карата чет жактагы 535 жаран добуш берди

Бишкек убактысы боюнча саат 9:00гө карата Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет жактагы 535 жаран добуш берди. Бул тууралуу брифингде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда убакыттын айырмачылыгына байланыштуу чет жактагы шайлоо тилкелеринин баардыгы ачыла элек. Ал чет өлкөлөрдө баардыгы болуп 45 участок ачылгандыгын, шайлоочулардын саны 32 миң 602ни түзөрүн эске салды.

«Анын ичинен Россиянын Түштүк-Сахалинск шаарындагы элчиликтин кеңсесинди 118 адам өз добуштарын беришти, Якутск – 67, Иркутск – 11, Красноярск – 30, Новосибирсктеги башкы консулдукта – 35, Япониядагы элчиликте – 86, Түштүк Корея – 65, в Кытай – 10, Гуанчжоудагы консулдукта – 4, Малайзиядагы элчиликте – 5, Алматыдагы башкы консулдукта – 42, Казакстандагы элчиликте – 47», - деди ал.

ТИМ башчысы кошумчалагандай, эң акыркы болуп Вашингтондогу (АКШ) шайлоо участогу ачылат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости