www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков: «Өзүбүздүн тандообузду жасайлы”

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо участкасына келип добуш берди.

Мамлекет башчы парламенттик шайлоо таза өтүшү үчүн баардык аракеттер жумшалганын жана бир дагы партияга кысым болбогонун белгиледи.

“Парламенттик шайлоо таза өтүш үчүн мыйзам алкагында баардык милдеттеримди аткардым. Менин добушум эмнени чечмек эле деп кайдыгер болуп, колду шилтеп койбой, үйдөн чыгып, шайлоо учаскасына келип добушубузду берели. Өзүбүздүн саясий көз карашыбызды, тандообузду жасайлы. Ар бир адамдын добушу мамлекеттин келечегине таасир этет. Ошондуктан баарыңыздар келиңиздер добушуңуздарды бериңиздер", - деди президент.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышууда.

№ 1 “Биримдик”.

№ 2 “Мекенчил”.

№3 “Ыйман Нуру”.

No4 “Мекеним Кыргызстан”.

No5 “Реформа”.

№ 6 “Ата Мекен”.

No7 “Замандаш”.

No8 “Бүтүн Кыргызстан”.

No9 “Социал-демократтар”.

№ 10 “Мекен Ынтымагы”.

№11 Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы.

№ 12 “Ордо”.

№ 13 “Бир Бол”.

№ 14 “Республика”.

No15 “Кыргызстан”.

№16 “Чоң Казат”.

№17 Баарына каршы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости