www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттөн да COVID-19 чыкты

Өкмөт аппаратында иштеген кызматкерлерден коронавирус аныкталды. Алардын арасында бөлүм башчылар, орун басарлары бар. Билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу тастыктады.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктургандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков бар. Ал вирусту жумуштан илештирген. Ошондой эле аппаратта уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакировдон, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкуловдон вирус табылган. Мындан сырткары, аппаратта эмгектенген тогуз адистин коронавирус жуктуруп алганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости