www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эпидемилогиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Республикалык ыкчам штабдын тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин окутуудан өткөрүп, кадрдык резерв түзүүдө. Мындай маалымат Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков орто медициналык персоналдын да кадрдык резервин түзүү мезгил талабы экенин белгиледи. 

«Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй менен Ош облустарында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көп болуп жаткандыктан COVID-19га каршы күрөшүүгө дарыгерлерди гана эмес, орто медициналык персоналды да тартуу керек. Ошондуктан аларды дагы окутуудан өткөрүп, кадрдык резервин түзүү шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын отурумунда буга чейин кургак учукту аныктап келген «GeneXpert» лабораториялары да коронавирус инфекциясын тастыктоо үчүн иштей турганы айтылды. Мындай лабораториялар керектүү жабдуулар менен жабдылды. 

Ошондой эле жеке коргонуучу каражаттарды, беткап, кол кап чыгара турган ата мекендик ишканалардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. 

Эскерте кетсек,  учурда республика боюнча 4 ишкана беткап өндүрүүдө. Мындан тышкары дагы 2 компания өз ишин баштайт. Муну менен катар жеке коргонуучу каражаттарды чыгара турган эки ишкана каттоодон өттү.

Республикалык ыкчам штабдын отурумунда биринчи вице-премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга ата мекендик өндүрүштөн чыккан беткаптар жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн өздүк наркын жогорулатпай, көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости