www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик менчик натыйжалуу пайдаланылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

«Мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүгүн арттыруу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 104 мамлекеттик ишкана бар, алардын ичинен жарымынан көбү иштейт. 52 акционердик коомдун 19у мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт. Демек, мамлекеттик баланстагы 40% объекттер иштебейт. Бул маанилүү маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкарууну өркүндөтүүнүн айкын жана натыйжалуу механизмдерин киргизүү керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, ар бир объекттин ишмердүүлүгү каралат. 

«Көптөгөн мамлекеттик ишканалар бюджетке жана экономикага киреше алып келбейт. Ошол эле учурда аларды кайра иштетүү үчүн ар кандай куралдар бар. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Бул аркылуу чыгашалуу ишканаларды кайрадан иштетүүгө болот, жумуш орундары түзүлөт жана салык көбөйөт, киреше түшө баштайт. Көпчүлүк ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү жетекчиден жана жалпы менеджменттен көз каранды. Ошондуктан мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн жер-жерлерде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл. Биз KPI системасы боюнча ар бир башчынын жана компаниянын ишине деталдуу талдоо жүргүзөбүз, анын жыйынтыгы боюнча аларга карата тийиштүү чаралар көрүлөт», - деп белгиледи Премьер-министр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости