www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркек киши аялды жаткыра тепкен видео качан, кайсы жерде тартылганы иликтенип жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Бишкек ШИИБдин жетекчиси Улан Жумаков билдирди.

Белгилей кетсек, интернет желесинде бүгүн, 27-июнда топтошуп турган эркектин экөөсүнүн ортосунда жаңжал чыккан видео тарады. Тасмадагы сүйлөшүүлөргө караганда алар жер талашып жатышат. Пикир келишпестиктен улам улгайып калган аялды эркек киши жаткыра тепкенин көрүүгө болот. Анын бул жоругу кескин сындарга кабылган.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, окуя Бишкектеги Ак-Бата жаңы конушунда орун алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости