www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттү Жээнбеков сактап калдыбы?

Өткөн жумада өкмөт парламентте жылдык отчетун берди. Бирок ага чейин М.Абылгазиевдин командасы отставкага кетет деген каңшаар жүрө баштаган болчу. Мындай имиштерге Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозованын да пикири негиз болгон. Демейде, депутат катары тигил же бул мыйзам долбоорун жазгандыгы анча байкалбаган бул эжебиз Жогорку Кеңеш өкмөттүн отставкасын талап кыларын жарыялаган.

Белгилей кетүүчү жагдай, К.Орозова Атамбаевди колдогон бирин-серин адамдардын бири. Атамбаевдин ишенген депутаттары тарабынан айтылган идея эмнегедир парламентарийлер тарабынан колдоо тапкан жок.

Ал тургай алар кийин өкмөттүн алмашуусуна алып келе турган көпчүлүк коалициянын таркашы тууралуу да айта башташкан. Ошол учурда Жогорку Кеңеш чындап эле Мухамедкалый Абылгазиевди кызматынан кетирүүгө ниеттенип калган болчу. Парламенттеги мындай түшүнүксүз жана жагымсыз жагдайлар президентти депутаттардын алдында чыгып сүйлөөгө мажбур кылды. Президенттин сөзүнөн кийин көпчүлүк коалиция эртеси күнү өкмөттүн отчетун угууну чечти.

Депутаттар менен чиновниктердин беш саат боюу талкуулашкан соң аткаруу бийлигинин отчету канааттандырарлык деп табышып, Абылгазиевди барып, иштей бер деп жөнөтүп коюшту.

Канткен менен президенттин бир күн мурда Жогорку Кеңешке келип, сөз сүйлөгөндүгү өкмөттү отставкага кетирүүдөн сактап калды. Азыркы Атамбаев президентти буттан чалууга аракет кылып жаткан опурталдуу учурда көпчүлүк депутаттар өкмөттү отставкага кетирбей, анын арты менен жаз алдындагы ар кандай бийлик алмашкан пикет-митингдерди токтотуп калгансыды.       

Булак: Майдан.кж   

Последние новости