www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К.Скрябин атындагы Агрардык улуттук университеттин 25 сотых питомниги талашка түшүп, бул маселе коомчулукта талкууну жаратты. Ал питомник Тыныстанов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Аталган окуу жайдын талашка түшкөн питомнигин 2 жыл мурун Урмат Салыкбаев деген жеке ишкер аукциондон 5 жылдык мөөнөткө ижарага алганын, жыл сайын ал жер үчүн 350 миң сом төлөп жатканын айтып чыкты.

Жеке ишкер ал 25 сотых жерге бала-бакча курууга кирише (ал жерди тегерете курчап тосуп койгон) баштаганда, окуу жайдын жамааты коомчулукка питомник жеке ишкерге мыйзамсыз өгүп, ал рейдерлик басып алуу кылып жатканын билдирип чыгышты.

Негизи аталган питомник 1963-жылдан бери окуу жайга тиешелүү болуп келген. Эми бул маселеге кандай чара көрүлөт, аны убакыт көрсөтөт деңизчи. Бирок окуу жайга караштуу жерди ким аукционго чыгарды? Кеп мына ушунда эмеспи...

Булак: Багыт.кж

Следующий >

Последние новости