www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир тарабы аракет кылып, оңолуу, өргө карай кадам таштоо менен алектенип жатса, бир тарабы эски «эпилепсиядан» чыга албай убара.

Бул биздин өлкөдөгү Өкмөттүн бутактарындагы абал. Жалпылабай конкреттештирсек, салык кызматындагы тээ мурдагы баш аламандыктар кайрадан жанданып жаткандай. Замир Осмонов жетектегенден бери салык тармагы дээрлик ирээтке келип, атамекендик өндүрүшчүлөрдү баса калып текшерүү фактылары бир топ кыскарган эле.

Бирок, бул бактылуу учур узакка созулбады. Бүгүн салыкчылар атамекендик өндүрүшчүлөргө карата «текшерүү» операциясын өркүндөтүп, эски адат кайрадан баш көтөрө баштаганы кандай? Маселен биздин өндүрүшчүлөрдүн төлөп жаткан салыгынын көлөмү жылдан жылга көбөйүп жаткан болсо, аны салык кызматы жүдөтүп, улам-улам текшербеш керек да. Салык төгүүчүнү да бир аз сыйлаш керек эмеспи.

Бирок, бизде баары тескерисинче болуп жатканы кызык.Мындай башаламандыкты Салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимовдун көзөмөлдөгөнгө шайы келбей жатканы таңкалычтуу. Же бул Октябрь мырзанын «өздүк» ыкмасыбы?

Булак: “Де-Факто”

Последние новости