www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев УМКК кызматкерлерин кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Ардак грамоталар жана президенттик сааттар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июнда,  Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен  жана үлгүлүү аткаргандыгы, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы жыйынтыктарга жетишкендиги, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун  камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  УКМК кызматкерлерин  сыйлыктары менен куттуктап, Кыргызстан элинин атынан  өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев   мамлекеттин  жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен  УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи.  Мамлекет болсо Мекен сакчылыгында тургандар жөнүндө ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.

Президент Алмазбек Атамбаев  УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана  жооптуу кызматтарына ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарын жана президенттик сааттарды тапшырды деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости