www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айында “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 447,6 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 51,9 млн. кВт.саатка аз. Бул тууралуу «Северэлектро» ААКнын Басма Сөз кызматы билдирди.

“Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 511,8 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 458,3 млн. сом (89,5 %) чогултулган.

Октябрь айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:

калк арасында –78,1 %,

бюджеттик уюмдардан –86,4 %,

өндүрүштүк объектилерден- 100,2 %,

башка керектөөчүлөрдөн -100,8 %,

жана айыл чарба объектилеринен –103,4 %га аткарылды.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу – 100 %,

Чүй облусунда –78,6 %,

Талас облусунда –90,7 %ды түздү.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости