www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрь РИИБдин мурунку жетекчиси Уланбек Аалиевге карата козголгон кылмыш ишти Биринчи май райондук соту карап, өкүм чыгарылды. Акыркы отурум 23-декабрда өткөн.
Райондук соттун маалыматы боюнча У.Аалиев айрым беренелер боюнча акталды.
Алар: - КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (далилдерди фальсификациялоо);
- 343-берененин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу);
- 343-берененин 3-бөлүмү;
- 337-берене (прокурордун, тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу);
- 137-берене (2017-жылдагы редакция, адамды өзүн өлтүрүүгө түртүү).
Ал эми КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси менен күнөөлүү деп табылып (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 300 миң сом айып салынды. Отурумдун аягында У.Аалиев камактан бошотулду.
У.Аалиев, анын орун басары — Октябрь РИИБдин жетекчисинин мурунку орун басары Бегайым Турапова, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр алдамчылыкка айыпталган Асыл Талипованын иши боюнча кармалган. Бул иштеги башка фигуранттарга сот өкүмү чыккан болчу.
Булак: NazarNews.kg