www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Португалиялык окумуштуулар коронавирус инфекциясынын бөлүкчөлөрүн өлтүрүүгө жардам берген бет капты чыгарышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай эмгекти Лиссабондогу Молекулярдык медицина институтунун окумуштуулары жасашкан.Бет каптын ичине кирген коронавирустун бөлүкчөлөрүнүн таасирдүүлүгүн жок кылуу - бир нече суу өткөрбөгөн катмарлардын жана атайын каптоочу инновациялык кездеменин аркасында ишке ашат.
Изилдөө учурунда окумуштуулар масканы коронавирус молекуласынын эритмесине салышкан. Бир сааттан кийин эритменин дээрлик 99 пайыз касиети жоголгон.
Окумуштуулардын айтымында, бет каптын натыйжалуулугу кеминде 50 ирет жууганда деле сакталат.
Булак: NazarNews.kg