www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитети коррупциялашкан бийлик органдарынын рейтингин чыгарды. Анда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним индекси жарыяланган.

Белгилей кетсек, индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет.

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле Мамлекеттик бажы кызматы турат. Бул органга кыргызстандыктар -15,4 балл коюшкан. Экинчи орунда -3,4 балл менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, үчүнчү орунда +2,8 балл алган Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы турат.

Коррупцияга белчесинен баткан органдардын төртүнчү оруну Салык кызматы (5,3 балл) менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине (5,8) ыйгарылган.

Жарым жыл мурда кыргызстандыктар Саламаттык сактоо министрлигин жемкордуктун чордонуна айланган алдыңкы беш органдын катарына кошкон. Бул ирет аталган ведомство 8 балл менен антирейингдин жетинчи сабында турат.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдарында (50,3) коррупция аз деп баалашкан. Элдин ушундай эле баасына Этностор аралык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги менен өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү татыган. Эки орган тең 49,5 балл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости