www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 16 миллион 196 миң 314 адам жуктуруп алды. Анын 9 миллион 347 миң 721 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 647 миң 846 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 239 миң 979 адамдан коронавирус аныкталды.146 миң 927 адам каза болсо, 1 миллион 297 миң 863 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 419 миң 91 адамдан аныкталды. 87 миң 4 адам каза болсо, 1 миллион 803 миң 184 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 385 миң 685 адам вируска кабылган. 32 миң 63 бейтап көз жумса, 885 миң 577 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости