www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кетти.

Азырынча селден адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. ӨКМ кошумча кабар берерин билдирүүдө.

Жергиликтүү элдин маалымдашынча селден эгин талаалары жабыркаган. Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Канаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сел аймактагы Гайрат жана Кескин-Таш айылдарында эгин талааларын жууп, турак үйлөрдү каптаган. Тамаша, Кызыл-Булак жана Лангар айылдарында жолдорго зыян келтирген, автоунаа кыймылы токтогон.

Кыргызгидромет 28-июлга чейин өлкөдө туруксуз аба-ырайы болорун эскертүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости