www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арктикадагы муз 21-кылымдын ортосунда толугу менен ээрип жок болорун Geophysical Research Letters жазып чыкты.
Окумуштуулар абага көмүр кычкыл газы бүгүнкүдөй темп менен чыга бере турган болсо анын жыйынтыгы кандай болоруна кызыгышкан. Изилдөөгө ылайык, көмүр кычкыл газынын чыгышы азайса дагы 2050-жылга чейин Арктикадагы муз толук ээрип жок болору аныкталган. Андыктан түндүктү каптаган түбөлүк муздар акыр аягы ээрип жок болот.
Аны менен катар окумуштуулар суук түндүктү байырлаган ак аюу, тюлень сыяктуу жаныбарлардын жашаган аймагы тарып, алар дагы жок болушу ыктымалдыгын божомолдошкон.
Булак: NazarNews.kg