www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова мектеп окуучуларынын ысык тамагына бөлүнүүчү каражатты көбөйтүү тууралуу ЖКнын токтом долбоорун сунуштады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова азык-түлүк кымбаттаганына байланыштуу учурда ар бир окуучуга бөлүнгөн жети сом жетпей жатканын айтты. Мындан улам 20 сомго чейин жеткирүү сунушталууда.

Деген менен каражат маселеси чечиле элек. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева демилгени 2023-жылдын январынан тарта ишке киргизүү мүмкүндүгүн билдирди.

"Буга чейин Билим берүү министрлиги менен 14 сом деп эсептеп көргөнбүз. Анда жылына 600 миллион сом чыгып жаткан. Сентябрда 1-класстар келсе окуучулардын саны дагы көбөйөт, анда миллиард сомдон ашык керектелип калат", — деди Дүйшеева.

Жыйында сүйлөгөн депутаттар ар бир окуучунун тамагына 14 сом жетишсиз экенин айтып, кандай болгон чакта дагы 20 сом кылуу керектигин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости