www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлдү жигит

Өлдү жигит, өчтү жашоо чырагы,
Өсчү жигит кырчынында кулады...
Чындык калды жүрөгүндө Уландын,

Чымын жаны чын дүйнөгө узады...

Азууларын айга жанып кайраган,
Акыйкатсыз ажал кандай карачы.
Жаш кырчындай өмүр өчтү өкүттө,
Эх чиркин ай, кандай айла табалы..?

Өткүр эле курчтугуна ченем жок,
Таасын эле ар бир сөзү аткан ок.
Кайран жигит жем болдубу көркоого,
Капыс жерден ажал алды ноктолоп...

Чолпон Жылдыз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости