www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түгөнгүр дүйнө түгөнгүр,
Түтөдү түтпөй каңырык.
Жүлүнүм турат зыркырап,
Жүрөктө ачуу чаңырык.
Үшкүрсөм азыр кулакка,
Үнүңүөр турат жаңырып,

Күйүткө салып кыргызды,
Күн болуп тийбей баттыңар,
Көпчүлүк көзүн ирмесе, 
Көл сыңар көлкүп жаш чыгар,
Айланайын жигиттер,
Ажалга анча шаштыңар?

Жебедей болуп кадалчу,
Жемкорго айткан сөздөрү,
Эч нерседен тайманбас,
Элим деп жанчу көздөрү.
Кайрандар тирүү болгондо, 
Калкымда болмок өзгөрүү.

Кантели аттиң айла жок,
Кайрат тилейм жалпыга,
Илгертен өлбөйт деп айтчу,
"Из калтырган "артына.
Жасаган иштер аманат,
Жаратман кыргыз калкыма.

Жан боорлорум инилер,
Жаннатта болсун жаныңар,
Улутта калсын түбөлүк,
Уюган намыс-арыңар. 
Ар дайым бирок жокточуу,
Ата-Журттун зары бар.

Үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен кайрат айтам. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун кыраан жигиттердин! Ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашары анык. Биз силерди унутпайбыз!

Акбар Жанышбеков, алыскы Анкара шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости