www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү пансионат, эс алуучу жайларда коопсуздук эрежелер көп учурда сакталбайт.

1. Видеобайкоолор жок. Көп учурда эс алуучулар уурулардын курмандыгы болот.

2. Куткаруучулар кечигип келет же такыр эле жок.

"Акун" пансионатында болгон кырсыкта дагы күбөөлөрдүн айтымында, куткаруучулар 15 минут кеч келген. "Улан Эгизбаевди суудан алып чыкканда жаны бар болчу, ал ооруканада жан берди" дегенге ишенүүгө мүмкүн эмес. Суу ичинде адам тирүү калуу шансы максимум 6 минут. 
Бул, "Акун" пансионатынын жоопкерчиликтен кутулуу үчүн тараткан жалган маалыматы.

Азыр, эл арасында Улан Эгизбаев "киши колдуу болушу мүмкүн" деген шек саноо басымдуулук кылып жатат. Анткени, ал чуулгандуу коррупциялык иштерди иликтеп, ачык жазып, айкындап салчу. Азырынча, эч кимибиз киши колдуу болгонун же кырсык экенин билбейбиз. Ар ким жеке ой толгоосун айтып, жаш кеткен Уланды эстеп кайгыруудабыз.

Кандай болгон күндө дагы "Акун" пансионаты коопсуздук эрежелерин сактабаганы аныкталса, жоопкерчилик тартышы керек. Мындан тышкары башка эс алуу жайлары дагы текшерүүгө алынып, коопсуздук шарты түзүлүшү абзел. Буга чейин дагы көлгө барып, сууга чөгүп каза тапкандар көп болгон.

Быйыл - канча адам сууга чөктү? Анын канчасын куткаруучулар сактап калды? Канча өмүр кыйылды? Расмий статистиканы облустагы тийиштүү органдардан талап кылышыбыз керек!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости