www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда ири көлөмдөгү контрабандага шектелип кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун камак мөөнөтү дагы узартылды. Алматы шаардык сотунун чечими боюнча ал 15-августка чейин убактылуу кармоочу жайда калат.

Февраль айында Казакстандын атайын кызматы Алматыда ири масштабдагы операция өткөрүп, Кытайдан Казакстанга, Кыргызстангамыйзамсыз өткөрүлүп турган контрабандалык товарлардын схемасынын бетин ачкан. Ал операциянын алкагында контрабандалык схеманын башчыларынын бири катары Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Дамирбек Асылбек уулу кармалган. Анын алкагында депутаттын Казакстандын жараны экендиги да калкып чыккан. Апрель айында БШК Д.Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости