www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүңдөн каркыралар кыйкуулашып,
Кайдадыр далай жолу учушкандыр...
Качанкы замандарда ак булуттар,
Канча ирет жамгыр болуп, мөндүр болуп,
Тамчылап көктөн ылдый куюлгандыр...
Сыдырым шамал согуп, кээде удургуп,
Буюгуп бороон болуп улугандыр...
Эзелки бабалардын сырын катып,
Толкундар дастан айтып жаткан сымал,
Сезиле берет мага эмнегедир...
А балким жоодон кайткан жалгыз жоокер,
Жээгиңде жүзүн чайып өксүп-өксүп,.. 
Жоготкон досторду эстеп ыйлагандыр...

..көл жээгиндеги көбүргөн толкундарды, алыстагы мөңгүлүү тоолорду, асманда самсаалаган ак мамык булуттарды кыйлага тиктеп туруп "..бу көл тээ канчалаган кылымдар мурун деле ушунтип шарпылдап тургандыр,.. үстүндө булуттар үзүк-үзүк болуп кайдадыр сүрүлгөндүр,..суу үстүн шамал чайпап, бирде жамгыр, бирде мөндүр жаагандыр..үстүнөн канча ирет ар кыл канаттуу парандалар..кыйкуулаган каркыралар учуп өтүшкөндүр..." деп кыялый таржымалдарды элестеттим эле.. жакында эле Ысык-Көлгө үй-бүлөм менен эс алганы барганда. Анан ошону ыр кылып жазыптырмын эргип. Анан эмнегедир"..дал ушул жээкте балким жортуулдан кайтып келаткан жоокер атынан түшүп...сууга бетин чайып...салгылашта шейит кеткен эн ынак, эң сырдаш досторун эстеп буркурап-буркурап ыйлагандыр...." деген элестөөлөргө алдырып ырдын акыркы саптарын ошентип бүтүрүптүрмүн... Эми мындан ары деле буюрса Ысык-Көлгө далай барып, көл жээгинде толкундарды, булуттарды, алыскы тоолорду тиктеп кыялга батаармын... Бирок, бир нерсени так билем. Эми көлдөгү толкундарды качан барып тиктебейин, коррупционерлер менен аеосуз кармашкан, арыкчырай, кырдач мурун, бүркүт кабак Улан Эгизбаев деген журналист жигиттин көлдөгү ажалы көзгө элес болуп бир тартылып өтөт, тамактан ый аралаш ысык жаш кылк жутулат... Жайын жаннаттан болсун иним, оомиин...

Эрнис Кыязов, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости