www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан, сен кыргызды жемкорлордон, адилетсиздерден, наадандардан, зөөкүрлөрдөн азат кылууну көздөгөн чыныгы азаттыкчы элең. Элиңдин канын соргон ажыдаарларга каршы аттанган бүгүнкү күндүн жаш баатыры болчусуң. Эми канттик? Жемкорлорго жем болобузбу? Тилибиз кесилдиби? Өксүткөн өлүмдөн канткенде өч алабыз? Сен өлө турган бала эмес элең! Сен чөгө турган бала эмес элең... Улан, сенин атың да, затың да - жаштык, жигер, тазалык, улануу... Эми сенин чыныгы кесипкөйлүгүң, курчтугуң, тайманбастыгың, мекениңдин жаркын келечеги үчүн жан үрөгөн дилгирлигиң миңдеген жаштарга үлгү болуп, сенин темаңды уланткан, сенин көз караштарыңды өркүндөткөн журналисттердин жаңы мууну жаралса экен. Ошондо жакындарың, күйөрмандарың, кесиптештериң бүгүн сени бизден бөлүп кеткен ажалдан, мүмкүн азыр биздин кайгыбызга мыйыгынан жылмайып отурган арам тамак ажыдаарлардан кетпес кегин, өчпөс өчүн алып, көкшүнү суур... Өзөгүбүз өрттөнүп атпайбы...

Зайырбек Ажыматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости