www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттер интернеттеги социалдык түйүндөргө өзүнүн күнүмдүк кылган иштерин, барган жерлерин жарыялоосу анын жеке коопсуздугуна терс таасир этет. Бул тууралуу улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Табалдиев “Азаттык” радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

- Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз социалдык медиадагы активдүүлүгүн өтө кылдат талдашы керектигин көрдүк, - деди Табалдиев.

22-июлда “Азаттык” радиосунун журналистти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө көз жумду. Милиция ал чөгүп кетти деп айтып жатат.

Ал окуя болор алдында социалдык тармактарга кайда, кантип эс алып жатканын улам сүрөт аркылуу маалымдап турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости