www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сальвадордо 22 жаштагы сёрфингчи Кэтрин Диас Эрнандес машыгуу учурунда чагылган түшүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

19-март күнү Эль-Тунко пляжында аба ырайы ачык болуп, күтүлбөгөн жерден жамгыр жаап, кара булут каптаган. Сууда машыгып жаткан спортчуга чагылган түшүп, ал жерге "Тез жардам" кызматы келген. Бирок дарыгерлер Кэтриндин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Спортчу Кэтрин Диас Сальвадордогу мыкты сёрфингчилердин бири деп эсептелген. Ал Сальвадор Сёрфинг федерациясынын президенти Хосе Диастын бир тууганы. Бул күнү ал ISA Дүйнөлүк сёрфинг оюндарына даярданып жатканы айтылат. Ошондой эле Токио олимпиадасында оюн көрсөтүүнү пландаштырып жаткан.

Эске сала кетсек, спорттун сёрфинг түрү биринчи жолу олимпиаданын программасына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости