www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук милициясы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конкурска «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» КР мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Тиешелүү документтер 2021-жылдын 19-апрелине чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дареги: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75, 0773-977-789

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости