www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп азыркы ажо Жо Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылган окуясы боюнча үн катты. Анын сүйлөгөн сөзү TikTok тармагына жарыяланганын РИА Новости жазды.

"Жо Байден трапта кетип баратып "Мен ага утулган жокмун" деп сүйлөнүп баратканын карап турдум", — деди Трамп.

Эске салсак, буга чейин Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Анын бул видеосу соцтармактарга тараган.

Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин айтып, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости