www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанга Садыр Жапаров менен оомат келди”, - деди бүгүн, 22-мартта NazarNews Баткен облусунун тургуну Абсаттар Анарбаев.

--“Кыргызстанга Садыр Жапаров менен оомат келди. Ушул ооматты эл кармап калышы керек. Азыр коомчулук түшүнбөй бири-бирине бут тосуп жатат. Кыргызда көрө албастык, кастык күч алган. Ошондуктан бийликке, байлыкка умтулган адамдар Садыр Жапаровдун иштөөсүнө тоскоолдук кылышууда. Былтыр 6-октябрдагы окуяларда бир дагы бийлик өкүлү эл алдына чыгып, толкуган элди тынчытууга аракет кылган жок. Эч ким Кыргызстандын келечегин ойлогон жок. Мына ошондо эл Садыр Жапаровду абактан чыгарышты. Толкуган эл эч кимди укпай жатты. Бир дагы эл өкүлүнүн айткандары аларга кеп дагы болгон эмес. Болгону Садыр Жапаров чыгып, “баары жакшы болот” дегенде эл тынч тарады. Жапаровду өлкөнүн жети дубаны бирдей колдоду. Парламенттеги 80 депутат президенттик башкаруу болсун дешти. Мен айтаар элем, кыргыз элине оомат келди. Биз ушуну кармап калбасак мындай оомат кайра келбейт”, - дейт Анарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости