www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Ачекей айылында байыркы кыргыз жазууларына эстелик коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз билдирди.
«Он жылдар бою көксөгөн бир арманым байыркы кыргыз жазууларына эстелик койсом дечи элем. Ошол тилегибиз буйруса ишке ашканы турат. Ачекей айылына (шаарчанын мэри Кубан Тойчубаевге экөөбүз) атайын аянт курдук, кыргыз оймосун келтирдик, Кытайдан уста алдырдык, Кынаптап мыкты салдырдык. Чок ортосуна Казактан алып таш койдук, анын үстүнө алтын кызыбыз Тамила Маматова укмуш кылып скульптурасын орнотту.
Кыскасы, кызык алдыда 25 мартта саат 11:00дө келип ачылышына катышып кеткиле. Аземди Асылбек акын алып бара турган болду, Тарыхчыларды Кадыраалы Коңкобаев менен Кыяз Молдокасымов баштап келет, журналистерди Ибрагим менен Шайырбек тосуп алат, Текебаев баштаган саясатчыларды өзүм тосом. Маданият министри да катышам деди буйруса.
Киночуларды Айбек, Акжол, Токтобек жайгарат, жазуучуларга Олжобайды койобуз. Колдо барын жеп тоебуз. Жетпей калганына боорсок менен чай, таарынганына сары май. Театралдарды Алтынбек күтөт, сүрөтчүлөргө Адылбек Байтереков түтөт. Композиторлорду Түгөлбай байкем баштайт, Рысбай Манастан үзүндү таштайт. Жалпы баарын Мирлан Самыйкожо башкарат, Азамат Болгонбаев акимчилик жумушту аткарат», - деп билдирди ал.
Булак: NazarNews.kg