www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков жакында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий технологу катары аты аталган Алексей Василивецкийди 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин көргөнүн, башында анын чет элдик экенин билбегенин журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

“Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Мен премьер-министр болгондо деле мага телефон чалып, аны “жакшы кеңешчи” деп айтканынан кабыл алганмын. Менин эки кеңешчим бар эле, алар аны менен иштөөдөн баш тартышкан. Андан кийин деле эки-үч кат келген, бирок мен айтканмын, “ал мага болбойт, мен андай кеңешчилерге муктаж эмесмин” деп. Мен жашымдан баштап дыйкан-фермер эл менен иштеп, бүт баскычтан өткөм. Менин программамды деле сырттан эксперттер келип жазган эмес, тажрыйбамдан келип чыгып жазылган. Ал “170 миң доллар алдым” деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Жооп берсин. Бул жерде баары аппак, бирок штабдын башчысы Фарид Ниязов “жооп бербейм, тазамын” дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек”, – деди Жээнбеков. Ошондой эле, президент күн-түн дебей шайлоочулар менен иштегеним айтты.

Эске салсак, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын 170 тен ашуун өкүлдөрү катышууда.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости