www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы маалымат жыйынын «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүүдө. НТС телеканалынын журналисти Өмүрбек Бабанов тууралуу суроо салып: «Бабанов бир жылдан бери саясатка аралашпай жатат. Ал сизге саясий атаандаш болуу ниети жок экенин айтып келет. Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча пикириңиз кандай?»,  — деди. Өлкө башчысы Бабановго карата кылмыш иши мурунку бийликтин тушунда козголгонун айтты. «Бабановго карата кылмыш иши мурунку бийликтин тушунда козголгон. Мен соттун ишине кийлигишпейм, сот кандай чечсе, соттор мыйзам бузса алар да жазаланат», — деди Жээнбеков. Президент азыркы саясатчыларды саясий атаандаш катары көрбөй турганын, президенттик мөөнөтү бүтсө саясатка аралашпай турганын айтты.

Президент журналисттин "Бабанов сизге саясий атаандаш эмес" деп айтканына күлүп да жиберди.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости