www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө өрттүн кесепетинен бир киши жабыркады

ӨКМдин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 3 өрт кырсыгы катталды.

Мекеменин маалыматы боюнча, Баткен районунун Кулунду айылында иштебеген май куюучу жайдын жанында таштандылар жана дөңгөлөктөр күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 30 жаштагы адам 1-2-даражадагы күйүк алган жана ооруканага жаткырылган. Өрттүн себеби - ширетүү учурунда өрт эрежелерин бузуу.

Ошондой эле Кант шаарында Бакинская көчөсүндө 110 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости