www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 28 адамдын ичинен үчөө Тажикстандан келген студенттер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 871ге жетти.

"Жаңы аныкталган 28 учурдун бешөө сырттан келгендер. Анын бири Дубайдан кайткан киши. Үчөө Тажикстандын Ходжентинен Лейлекке келген студенттер. Ал эми бирөө Душанбе шаарынан келген бейтап. Булардын бардыгынан коронавирус обсервациядагы текшерүү учурунда табылды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 871ге жетти. Анын ичинен 614ү айыгып чыкса, тилекке каршы 12 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости