www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө жоолук күнү белгиленүүдө

“Умма” ислам журналы эл аралык жоолук күнүнө байланыштуу Бишкекте иш-чара уюштурду. Анда аялдарга пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, сынактар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен элге жоолуктун исламдагы, аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу маалымат берүү максат кылынууда.

Андан сырткары, жоолук салынган кыздардын көйгөйлөрү, алар тууралуу коомдо калыптанып калган ой-пикирлерди жокко чыгарууга чакырык ташталды. Кыз-келиндерди үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук темаларында диалогго чакыруу да мерчемделген.

Дүйнөлүк жоолук күнү 2014-жылдан бери 1-февралда белгилене баштаган. Демилге АКШнын Нью-Йорк шаарынын тургуну Назма Ханга таандык. Ал эми Кыргызстанда төртүнчү жолу белгиленүүдө.

1-февралда Ош шаарында да ушундай иш-чара өткөрүлгөн.

Кылымдардан бери эле кыргыздардын айымдарынын башынан жоолук түшпөй келет. Бирок ошол кезде эле кыргыздар жоолукту турмушка чыккан келинге эле салышчу. Бул анын күйөөсү бар экендигинен кабар берет. Былтыр ушуга эле окшогон "Элечек күнү" белгиленген эле.

Эске салсак, жоолукту Орто Азия мамлекеттери, Кавказ жана Араб өлкөлөрүнүн айымдары салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости