www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу айткан аныкпы?

“Ата-Мекен”фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова төрөт үйүндө электр жарыгы өчүп, төрөлгөн эгиздердин бири чарчап калганын айтты. Бул тууралуу ал Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку кенештин отун- энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйында билдирди.

“№4- төрөт үйүндө эгиздер жарык дүйнөгө келип, электр энергиясы жок болгондуктан аппараттар иштебей, эгиздердин бири чарчап калган окуя болду” деди депутат. Улуттук энергетикалык холдтнгдин төрагасы Айбек Калиев бул окуя боюнча маалыматы жоктугун айтты. Ал эми “Түндүкэлектро” ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов ооруканалардын баары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын билдирди.

Булак: "Азия news"

Последние новости