www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремисттик, террористтик уюмдарга таандык экени сөз болгон жана ушул багыттагы маалыматтарды тараткан 159 сайттын Кыргызстандын аймагында ачылышына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир ", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга тиешелүү.

Буга чейин социалдык тармактар жана Интернет боюнча адистер экстремисттик уюмдарга тиешелүү ондогон сайттар тоскоолдуксуз ачылаарын сынга алып чыгышкан болчу.

Борбор Азияга террордук, экстремисттик идеяларды жайылткан 500-600дөн ашык ар кандай интернет-сайттар бар экени айтылып жүрөт.

5-январда Президент Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алып, дүйнөдө коомду радикалдаштыруу жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу өнөкөтү күчөгөнүн, бул көрүнүш Кыргызстанга да коркунуч туудуруп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости