www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Курсантбек Сүйүнбаевдин жансыз денеси тоодон табылды. Бул тууралуу анын бир туугандары билдиришти.

Маалым болгондой, жансыз дене 5-январда Кара-Күнгөй тоосунун боорунан табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал мал кайтарып жүрүп, жардан кулап кеткен.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган Курсантбек Сүйүнбаев дайынсыз жоголгондугу маалымдалган. Ал 2017-жылдын 20-октябрында саат 16:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости