www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер кышкы эс алуу убактысын бекер
коротушкан жок. Алар ден-соолуктарын чыңап алууга жетишишти. Шаардагы
жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин арасында “Ден-соолук -
2018” аталышында спартакиада өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Ага шаардагы
19 мектептин мугалимдери катышып, жеңген командалар областтык турга
катышууга жолдомо алышты. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн
башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, “Ден соолук-2018” аталышындагы спорттук иш-чара буга чейин
да жыл сайын майрамдарда өткөрүлүп келген.

-Мугалимдер спорттук оюндарга катышып, алдыкы байгелерге ээ болуп келишкен.
Бүгүнкү оюндар да жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ага мектеп мугалимдери
активдүү катышып берди. Биз муну менен гана чектелбестен мугалимдерибизди
республикалык таймаштарга катыштырып, алдыңкы орундарды багындыруулары
үчүн шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз, - дейт ал.

Ал эми спорттук мелдештин катышуучусу №14 мектеп-лицейинин дене-тарбия
мугалими Шермамат Арзыкуловдун айтымында, балдарга тарбия берип окутуп
гана тим болбостон, мугалимдер аларга ар тараптуу жеке үлгүсүн көрсөтүүсү
керек.

-Кыргыздын улуттук оюндары болгон ордо, тогуз коргоол оюндарынын
уюштурулушуна абдан кубандым. Улуттук спорттун ушул түрлөрү боюнча
балдарды да көбүрөөк машыктыруу зарыл. Биз ушул багытта иш алып баруубуз
керек. Мен жеке өзүм улуттук оюндар боюнча мектеп окуучуларын даярдап,
алардын даярдыгын күчөткүм келет, - дейт ал.

Белгилей кетсек, шаардык олимпиаданын жыйынтыгында спорттун волейбол түрү
боюнча №10 мектептин аялдар командасы 1-орунга, №14 мектеп-лицейинин
командасы 2-орунга, ал эми №7 мектеп 3-орунга ээ болушту. Ал эми “Ден соолук-
2018” аталышындагы мелдешти уюштурууга шаардык билим берүү бөлүмүнүн
профсоюз уюуму тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости