www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Сассексте (Улуу Британия) 27 жаштагы Тристан Ходимэйкер агрессивдүү саркома (сакайбас шишиктин бир түрү) менен оруй тургандыгын өлөр алдында гана билген. Буга чейин жигитте сасык тумоонун белгилери гана байкалып, өмүрүнүн акыркы 3 жумасында өзүн жаман сезген. Анын жашоосу жана сүйүүсү тууралуу The Sun порталы жазып чыкты.

Маалым болгондой, дарыгерлер Тристанды жаман оорудан аман алып калуу мүмкүн эместигин айтып, «өмүрүңдүң акыркы мүнөттөрүндө эмне кылууну каалап жатасың?» деген суроону узатышкан. Анда 27 жаштагы жигит өзүнүн сүйүктүүсү Ребеккага үйлөнө тургандыгын айткан.

Аталган порталдан билдиргендей, Тристан менен Ребекка 5 жыл кыз-жигит болуп жүрүшүп, үйлөнүү тоюн улам жылдырып турушкан. Эки жаш абалга байланыштуу 2017-жылдын 8-декабрында баш кошуп, андан эки күндөн кийин Тристан каза болгон.

«Менин аябай көп ыйлаганымды силер элестете албайсыңар. Үйлөнүү тоюбузда Тристанды майып араба менен сүйрөп чыгышты. А, мен болсо жакындарыбыздын жанынан басып өттүм. Бул көрүнүш аябагандай суктанарлык болду», - деди Ребекка.

Тристан ветеринар адистигинде билим алып, жаныбарлар үчүн өзүнүн клиникасын ачууну максат кылып жаткан. Ал акыркы алты ай ичинде өзүнө жумуш таап, Ребекка менен бирге ылайыктуу үй издеп жүргөн. Эми Ребекка күйөөсүнүн аткарылбай калган пландарын ишке ашырууну көздөп жатат.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости