www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берди. Ага жыйында:"Өлкөдө эпидемиянын аякташы кайсы мезгилге барат? Божомолдор барбы?",- деген суроо берилди.

"Бул суроонун жообу абдан көп адамдарды кызыктырып келет, азыр так жооп берүү кыйын. Өзүңүздөр көргөндөй сырттан келгендерден оору көп аныкталып жатат. Коронавирус аныкталгандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Көп эле өлкөлөрдө эпидемиологиялык абал бир аз оор болуп калды. 

Азыр да сыртта жүргөн бир топ мекендештер өлкөгө кайтып келүүнү каалап жатышканын айтып жатышат. Андыктан биз карантинди ала албайбыз, аны токтотуу өзүнөн-өзү билинет. Азыр анын датасын так айтуу кыйын", - деди Үсөнбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости