www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып жатканын айтты.

"Азыркы учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы айтылып жатат. Бирок ошол эле мезгилде өкмөт тарабынан коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматтарды угуп жатабыз. Эгерде сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турган болсо, анда сууну сатыш керек. Эгерде аларга суу керек болсо сатып алышсын. Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алып, сууну бекер берип койгонубуз туура эмес. Токтогул суу сактагычына канча суу кирип, канча куб суу чыкканы боюнча так маалымат берип тургула. Эл көзөмөлдөп турсун. Токтогул суу сактагычында суу аз болсо электр энергия өчөт", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости