www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы Шамшы Султаналиев "Атамбаевди Кокондон келген сарттын тукуму десе ишенген жок элем, партиясын ишенип тууганы Анвар Артыковго бергенден кийин эми ынандым" деген пикирин Фейсбуктагы Актуалдуу посттор тайпасына жарыялады. 

Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Интернетте Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу тарыхый уламыштар айтылып, ал убагында Чүйгө келген Кокондук сарбаздардан калган урпагы делинет. Мындай маалымат ынанымдуу фактылар менен айтылса дагы ишенгим келген эмес. Ошол эле кезде Атамбаев дагы теги тууралуу так айта албай, бирде Кытай уруусу, айрым учурда Ичкилик, учурунда Сарбагышмын деп айтып жүргөн. Акыркы жолу чоӊ аталары Шама деген киши экенин мойнуна алган видеосун көрүп калдым.

Интернетте Атамбаев тууралуу жарыяланган тарыхый факты төмөндөгүчө:

“Менин бабам Шахмурад Чүйгө Кокондон келген”

Андан кийинки жагдай, 2011-жылы президенттикке аттанып жаткан Алмазбек Атамбаевдин КТРКдагы түз эфирде өткөн дебатта билдирген маалыматынан кийин пайда болду. Түз эфирди алып барып жаткан Кубат Оторбаев: “Алмазбек Шаршенович, учурда Сиздин тегиңиз тууралуу ар кыл маалыматтар айтылып жүрөт. Сиз Баткенге барсаңыз баткенчил болуп чыгат экенсиз, Таласка барганда таластык болуп чыгат экенсиз, деги өзүңүз кимсиз, каяктыксыз?”-деген сурооо узаткан. Ал суроого Атамбаев минтип жооп берген: “Бул боюнча өткөндө Баткенге барганда суроо беришти: “Сизди Баткендик деп жүрүшөт, каяктыксыз?”-дешип. Менин бабам Шахмурат, бу кишини Шама деп коюшат. Менин бабам Кокон хандыгынан келген. Бир вариант боюнча Коконго Таластан барган, экинчи вариант боюнча Баткенден барган. Ошондуктан мени таластык десе да, баткендик десе да сыймыктанам, анткени мен Кыргызстандыкмын”.

Кызыктын баары ушул жерден ачылып жатат. Таластыктар менен жолукканда, же Талас тарапка барып калганда Атамбаев:»Мен Кытай уруусунун ичиндеги Төмөн тамга дегендин Төрдөш уругунан болом деп» айтат экен. Бирок, Талас өрөөнүнө белгилүү, кадырлуу, такыбаа санжырачы Үмөт Молдонун китебинин 369-бетинде Кытай уруусунун Төмөн тамгасынын Төрдөш уругунда Шама деген адам жок экен. Алмаз мырзанын Кытай уруусунан болом деп таластыктарга шыбыраганы курулай калп болуп жатпайбы. Демек, анын бабасы Шахмураддын кытай уруусуна тиешеси жок. Анан калса ал убакта кыргыздар Шахмурад деген сыяктуу аттарды коймок тургай оозанышкан да эмес.

Рахматулла датканын өзбек сарбазы

Чүйлүк аксакалдардын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин бабасы Шахмурат чыны менен эле Кокондон Чүй бооруна келген. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Шахмурад аксакал Кокон хандыгынын Бишкек чебинин башчысы Рахматулла датканын ишенген сарбаздарынын бири болгон. Тарыхый так маалыматтарга ылайык, Кокондун акыркы хандарынын бири Кудаяр Шералы уулу тарабынан датка деген наамга ээ болгон Рахматулла 1861-62-жылдарда Кокондун Бишкек чебин башкарып, Кокон ханынын атынан бийлик жүргүзгөн. Ошол жылдары Чүй боорундагы кыргыздар Орус падышачылыгы менен байланыш түзүп баштагандыктан, Рахматулла Чүйдүн Байтик Канай уулу сыяктуу тың чыкмаларын колго алуунун ар кыл айла-амалын ойлоп, акыры анын Байсал деген уулун барымтага алып, өтө уят ыкма менен кордоп, зордуктатып коет. Муну уккан Байик баатыр жаз чыккыча ачуусун басып, чыдап, тилин тишине катып отуруп, акыры жаз келгенде элдешмекке Рахматулланы конокко чакырат. Ошол кезде Алымбек датка Чүйлүк кыргыздардын билермандарына келип жолугуп кеткенден кийин кыргыздардан сактанып калган Рахматулла өзүнө ишенбей, өзбек тектүү 60 сарбазын ээрчитип барат. (Кудаяр хан кыпчактардан чыккан Мусулманкул миңбашыны, ага кошуп миңдеген кыпчактарды мыкаачылык менен өлтүрткөндөн кийин алар кыпчактарга ишенбей калышкан. Ошондуктан Бишкек чебинде бир гана өзбек тектүү сарбаздар Рахматуллага кызмат кылышкан). Кегин ичине каткан Байтик Рахматулланы сарбаздары менен кошо катуу сыйлап, мас болгуча шарап, бозого тойгузат. Ага чейин сыртта байланган аттарынын басмайылдарын тилип, бир манжанын жоондугунчалык жерин гана калтырып коюшат. Акыры ныксыраган коноктор аттарына минип, жолго аттанганда Байтиктин бекинип жаткан даяр жигиттери алардын артынан кууп, тигилер кача баштаганда эле баягы басмайылдар үзүлүп, Рахматулла сарбаздары менен кошо жыгылып, сарбаздарынын дээрлик бардыгы өлөт. Жарадар болгон Рахматулла качып кетип бара жатканда аны Көкүм бий артынан кууп жетип, найза менен сайып өлтүрөт. Мындайда боз-ала чаң болгон жерден сөзсүз бир-экөө качканга үлгүрөт эмеспи. Ошол маалда арасынан бир жигит качып чыгып, Байтик айылы менен катарлаш Арашан (Атамбаевдин туулуп өскөн айылы. Мурдагы аты Стрельников совхозу) тарапка качып барат. Ал жерде Таластагы Кытай уруусунун билермандары тарабынан журттан чыгарылып, Арашандын жакасында калган 12 түтүн жатакчыларга кошулуп, өзүнүн Баткен тараптан келгенин айтып, алардын ичи-койнуна кирип, аралашып кеткен Шахмурад деген адам тууралуу айтылуу “Сынган кылыч” романынын автору, белгилүү жазуучу, КРнын Баатыры Төлөгөн Касымбеков атабыз ачык эле айтып жүргөнү бар. Рахматулланын өлүмү тууралуу “Сынган кылыч” романында дагы кеңири жазылган. Ал эми 2003-жылы басылган «Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы” аттуу китептин 190-бетинде Рахматулла Датка тууралуу төмөнкүчө жазылган:

РАХМАТУЛЛА ДАТКА– Кокон хандыгынын аскерлери турган Пишпек (Бишкек) чебинин 1861–62-жылдардагы башкаруучусу. Чүй боорундагы кыргыздарды Кокон хандыгынын таасирине тартууга умтулган. Токмок жана Пишпек чептерин чыңдоо үчүн кыргыздарды зордоп иштеткен. Анын зордук-зомбулук саясаты жергиликтүү элдин нааразычылыгын күчөткөн. Рахматулла датканын Солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулунун баласы Байсалды кордогондугу чүйлүк кыргыздардын Рахматулла даткага каршы Байтик баатыр башында турган көтөрүлүшүнө түрткү болгон. 1862-жылы Байтик Рахматулла датканы мейманга чакырып, анын жан-жөкөрлөрүн жигиттерине кырдыртып салат. Качып кетүүгө үлгүргөн Рахматулла датканы Көкүм баатыр кууп жетип, найза менен сайып өлтүргөн. Рахматулла датка Кокон хандыгынын Чүйдөгү акыркы башкаруучусу болгон.

190-бет «Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек, 2003»

Мына ошентип Байтиктин кылыч-найзасынан аман качып кутулган адам Шахмурад, же болбосо кыргыздар Шама деп атаган адам. Андан 5 бала төрөлгөн. Алар: Асанбай, Атамбай, Өтөмбай, Тойгонбай, Толкунбай. Биз билгени Асанбай аксакал кадимки Асанбай кичирайонуна аты коюлган Алмаз мырзанын атасынын агасы. Кезинде Асанбай аксакал ошол тарапка арык тартып, суу алып келип, багбанчылык кылып Баткендин өрүгүн эккенин айтып жүрүшөт. Асанбайдан Муртаза, Муртазадан Болот тараган. Ал эми Шама аксакалдын Асанбайдан кийинки баласы Атамбай. Атамбайдан Шаршен, андан кадимки бүгүнкү теманын чуулгандуу баш каарманы Алмазбек Атамбаев. Шаманын төртүнчү баласы Тойгонбайдан Акмат, андан Жусупбек тараган. Ошондой эле Шама аксакалдын калган Өтөмбай жана Толкунбай деген эки баласынан тукум калбаптыр.

Атамбаевдин 3-атасы өзбекпи?

Агасы Калийбек Шаршенов Самаркандда жашайт

Жогорудагы маалыматтардын аргументтүүлүгүн, тактыгын эске ала турган болсок, Алмазбек Атамбаевдин түпкү теги, тагыраагы 3-атасы Кокон ханынын өкүлү Рахматулланын сарбазы болуп жатат. Демек, эч буйдалбастан Атамбаевдин 3-атасы өзбек болгондугун айтсак болот. Анан калса Атамбаев уруу маселесин көп козгогону менен өзүнүн 3-атасынан башкасын толук айта албайт. Буга кошумча, төмөндөгү сүрөттөгү адам Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Шаршенов Калийбектин Өзбекстан Республикасы тарабынан алган паспортунун көчүрмөсү. Бул киши учурда Өзбекстандын Самаркан шаарында жашайт. Шаардагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде сабак берет. Бул киши кандайча ал жакта жашап калганы түшүнүксүз. Бирок Атамбаев өзү деле агасынын Өзбекстанда жашаганын жашырбай айтып жүрөт. Премьер-министр кезинде 2001-жылы бир ирет журналисттер менен тар чөйрөдө жолугушуп, ошол жерден: “Мени Ош окуясынын убагында качып жүргөнсүң дешет. Мен качпай эле Бишкекте 15 мүнөт сайын Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев менен сүйлөшүп, кырдаалды талкуулап турдук. Ал киши мени ачык эле урушуп: “Силер ачык эле геноцид кылып жатасыңар” деп күнөөлөп жатты. Мен болсо бир тууган агам ошол жакта жашайт, мага ишенбесеңер ошол кишини залогго алып алгыла”-деп айттым”- деп бир топ сырын айтып бергени бар.

Агасынын Самаркандда жашаганынын да жөнү бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, өзбек эли дагы индустарга окшоп касталарга бөлүнөт. Тагыраагы өзбектер арасында 3 каста бар. Негизгилери Кожолор жана Төрөлөр. Булар Казакстандагы казактардын ичинде да бар. Өзбек калкынын негизги өзөгүн мына ушул эки каста түзөт. Ал эми теги төмөн, ар кайсы жактан жыйналган Карача деген уруу бар. Мына ошолор Самарканда жашашат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Атамбаевдин Өзбекстандагы туугандары Самаркандда жашашат экен. Тээ союз маалында ачарчылык болуп, ал кезде өзбектерде жашоо бизге караганда бакубат болгондуктан, Шаршен аксакал мына ошол улуу баласын Өзбекстандагы туугандарына жөнөтөт. Ошону менен Калийбек аксакал Өзбекстанда калып калат. Демек, Атамбаев Самарканддагы Карача уруусунан болот. Ал эми анын бабасы Шама баткенчи экени, же Таластан Коконго барганы курулай шылтоо жана кыргыздардын көзүн жазгыруунун аракети.

Мына, урматтуу окурман. Жогорудагы маалыматтардын баары тарыхый булактардан жана аксакалдардын айтып жүргөн баяндарынан алынган. Биз мына ушундай даректүү далилдерге таянабызбы, же Атамбаевдин ар кайсы жерде ар башка айтып жүргөн “жомокторуна” таянабызбы?

Тарыхый маалыматтарга тактама киргизди

КСД партиясы ич-ара ыдырап, үчкө бөлүнүп кетти. Партиянын лидери ордун бошотуп, бир катар белдүү мүчөлөрү саясий кеӊештен чыгышты. Ушундай маалда абакта жаткан Алмазбек Атамбаев партиясын эӊ ишенимдүү адамына табыштамак. Коомчулук Атамбаевдин көздөй көргөн адамы ким деген суроого ыкчам эле жооп алышты. Өзбек улутундагы Анвар Артыков көп жылдык тарыхы бар КСДПнын лидери болуп дайындалды. Албетте улут аралык сезимдер менен эмес, тарыхый фактылар менен алып караганда адам эӊ кыйын учурда аманатын тууганына калтырат же дайындайт. Атамбаев партияда түптөлгөндөн бери жүргөн мүчөлөрүнө дагы ишенбей, “Ар-намыс” партиясынан келген Артыковго аманат кылды. Мындай кадам – Алмазбек Атамбаевдин теги өзбек экендигинен шек жаратпайт эми",- деп жазган Тарых илимдеринин доценти Шамшы Султаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости