www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оозун сүткө күйгүзгөндөр кокуйлап,

Билип туруп кайра неге күйгүзөт?

Шайлоо сайын жеңип алган көпөстөр,

Ооз күйгөндү кайра кантип сүйгүзөт?

 

Акча, кадыр, жердешчилик күч болуп,

Сасып жаткан тезек сындуу чакырат.

Бокко тойгон чымын сындуу жыргашып,

Беш жыл кайра башын мыкчып бакырат.

 

Байлык менен эл тагдыры чечилип,

Ысык сүттү айран сындуу аймашат.

Көпөстөргө берип койсоң бийликти,

Мекениңди базар кылып жайлашат.

 

Мурду бучук байдын уулу тайраңдап,

Бий болушса элге күлкү жаратат.

Гүлдөп турган гүлзарыңды тебелеп,

Конушуңду күлгө айлантып баратат.

 

Мен тажадым намысы жок элдерден

Сойку сындуу берип турган денесин.

Добуш үчүн сатып салат миң сомго,

Мээрим төгүп кучак жайган энесин!

 

Мен тажадым башы көңдөй элдерден,

Уруу, жердеш, айылдаш деп тандаган.

Башы жокту шайлап алып кубанып,

Бата берип ыйык кылып жандаган!

 

Мен тажадым чоңдон эмес элдерден,

Ууруларга дайым камчы беришкен.

Кудай дагы "чоңду" берет мына деп,

Өзүңө окшош сойку сындуу келишкен!

 

Баркын билбей колуңдагы бийликтин,

Качан баарын акыл менен талдайсың?

Бейиш курчу жакшыларды сулатып,

Добуш менен тозогуңду тандайсың!

Асейин Саралаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости